10 жыл мурда жоголгон Жамияланы туугандары былтыр издешкен, табылды

7 февраля 2018 17:07 737 Barometr
Поделиться в:
ok

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 11 жылдан бери дайынсыз болгон Нияз кызы Жамиляны табышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

2017-жылы февраль айында анын туугандары милицияга арыз менен кайрылган. Анда Жамиля 2007-жылы үйдөн чыгып кетип кайрылып келбегени тууралуу айтылган.

Издөө иштеринин натыйжасында 28 жаштагы Жамиля табылды. Ал учурда туугандары менен жолукту.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11477



Добавить комментарий