Бизнес: дүйнөңүздү өзгөртө турган 8 эң мыкты китеп

7 февраля 2018 16:39 3977 Barometr
Поделиться в:
ok

Чындап эле кирешелүү бизнести кантип курса болот? Кызматкерлерди кантип туура башкарууга болот? Кантип лидер боло аласыз? Ушул сыяктуу мезгил талабындагы суроолорго жооп берген китептердин тизмесин төмөндө сунуштайбыз. Сиз окуган нерсенин баары жаңы, башкача дүйнөңүздү калыптандырат, жаңы шык-жөндөм берет.

1.Олесь Тимофеев -“Сатуунун автоматташтырылган айлампасы. Кайсы гана бизнесте болбосун жөнөкөй жети эрежени колдонуу менен автоматтык интернет сатуучу мыйзамдуу машинаны кантип түзүү жана ишке киргизүү керек”

(«Автоматизированная Воронка Продаж. Как создать и внедрить легальную машину автоматических интернет-продаж в любой бизнес, используя 7 простых правил»)

 Интернет бизнести жолго коюнун сырлары бул китепте.

2. Майкл Гербер“Чакан бизнес: иллюзиядан ийгиликке карай. Ишкерлик жомогуна кайтып баруу”

(«Малый бизнес: от к успеху. Возвращение к мифу предпринимательства»)

Өз ишиңизди кантип туура уюштура билүү керек деген суроо болсо, бул китеп анда сиз үчүн!

 3. Маркус Бакингем, Курт Коффман – “Адегенде баардык эрежелерди бузгула. Дүйнөдөгү эң мыкты менеджерлер баарын башкача кылат?”

 («Сначала нарушьте все правила. Что лучшие в мире менеджеры делают по-другому?»)

Ар бир адам жүрөгү каалаган нерсесин кылышы керек. Китептин маани-маңызы ушунда.

 4. Роберт Хагстром – “Уоррен Баффет. 5 долларды кантип 50 миллиард доллар кылуу керек. Улуу инвестордун стратегиясы жана тактикасы”   

(«Уоррен Баффет. Как 5 долларов превратить в 50 миллиардов. Стратегия и тактика великого инвестора»)

Ар бир ишкер боло турган адам бул китепти окууга милдеттүү. Уоррен Баффет дүйнөдөгү эң үлкөн инвестор.

 5. Клейсон Джордж – “Вавилондогу эң бай адам”

(«Самый богатый человек в Вавилоне»)

Ар бир иштин ийгилиги бул китепте катылган. Китеп каржы мыйзамдарын үйрөнүүгө жол ачат.

6. Питер Друкер – “ХХІ кылымдагы менеджменттин тапшырмасы”

(«Задачи менеджмента в ХХІ веке»)

 Көбү бул китеп тажырыйбалуу башкаруучулар тарабынан жазылган деп эсептешет. Питер Друкер- менеджменттин мыктысы деп аталып жүрөт. Китеп аракет кылууга чакырык таштайт.

7. Элияху Голдрат –“Максат”

 («Цель»)

Эгерде башкаруучу болууну кааласаңыз бул китеп сиз үчүн. Башкарууну башка жагынан көрүүгө көмөкчү болот.

8. Радислав Гандапас – “Мен сөз сүйлөөгө даярмын!”

(«К выступлению готов!»)

 Чечендик өнөрдө кантип ийгиликке жетүүгө болот? Чындап эле таң калгандан оозду ачырып салган сөз сүйлөөнү кааласаңыз бул суроолорго Гандапастын китебинен жооп табасыз.

Ссылка: https://barometr.kg/content11475



Добавить комментарий