Чоң эне майып-небересин мектепке жеткирип 24 чакырым жолду жөө басат (фото)

7 февраля 2018 13:53 1350 Barometr
Поделиться в:
ok

76 жаштагы чоң эне майып-небересин мектепке жеткириш үчүн күн сайын 24 чакырым жолду жөө басат. Анын тогуз жаштагы небереси өзү мектепке барып келе албайт. 76 жаштагы  Ши Юйинг Кытайдын Гуанси провинциясында жашайт.   

Хаовен аттуу небереси церебралдык шал оорусу менен жабыркаган жана дайыма камкордукка муктаж. Баланы баккан аял “менин алы-күчүм барында аны алдыга сүйрөй берем” дейт. Баланы ата-энеси ажырашып кеткен жана, атасы башка шаарда жашайт. Апасы кайрадан турмуш курган. Баланы чоң энеси гана карайт.

2017-жылы июль айында жергиликтүү бийлик балага майыптардын коляскасын белекке берген. Ал небересин эртен менен мектепке жеткирип кечинде кайра алып келет. Ши небереси ийгиликке жетет деп эсептейт. Чыны менен бала математиканы мыкты окуйт. Чон эне майып балдар үчүн жакшы мектеп таап баласын ошого  көзүм өткөнчө өткөрүп берсем деп тилеп жүргөнүн да айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/content11463



Добавить комментарий