Россияда кыргызстандык кызды уурдоого полициялар шектелүүдө

7 февраля 2018 12:12 1257 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын Всеволжск районунун полиция кызматкерлери кыргызстандык кызды уурдоого катышы бар деп шектелүүдө. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар маалдамдашууда. 

 Аталган иш боюнча “алдын ала сүйлөшүп алуу жолу менен бир нече адамдардын тобунун адам уурдоосу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Козголгон кылмыш иши боюнча ИИМдин бир нече кызматкери жана армениялык ишкер сурак берип жатат.

Тергөө 26 жаштагы кыргызстандык кыздын арызынын негизинде башталды. Ал Россияда дүкөндө сатуучу болуп иштеп жүргөн.

“Январь айында кожоюну кызга акча жетпей жатат деп бекер иштеткен жана дүкөндөн чыгарбай койгон. Кызды дайыма аңдып, качырбай коюшкан. Андан кийин кожоюндун үйүнө алып келип уруп-сабап, шылдыңдашкан. Акыры кыз туугандарына байланышып, алар полиция чакыртышкан. Полициялар кыздан карызмын деген тил кат жаздырып алып өзүн көчөгө кубалап ташташкан”,-деп айтылат маалыматта.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11459



Добавить комментарий