Урмат Усенов: Ушак дегенде узунуңардан жатасынар!

7 февраля 2018 11:45 2476 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү ырчы Урмат Усенов өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына интернет сайттар боюнча өз пикирин жана тынчсыздануусун билдирди. Төмөндө анын баракчасына жарыяланган посту өзгөртпөй окурмандарга сунуштайбыз.

“Акыркы убакта мени ойлондурган дагы бир маселе...

Коомчулугубузду ыкчам маалымат менен камсыз кылган айрым интернет сайттарынын тупку максатына тушуно албадым.Басма сөз болсо да мейли эле, интернет булагы болгону учун зээним кейиди. Негатив маалымат менен камсыз кылууда ушунчалык ыкчамсынар, сыртта жашагандардын Кыргызстан дегенде уройу уча турган болду.Турист катары келмек тугул,айланып ото турчу акыбалга келдик...

Кечээ эле мекендешибиз Валентина Шевченконун женишинен да кемчилик издегенинерге жол болсун! Созду Кыргызстандын «мурдагы»атуулу В.Шевченко деп баштап,сыймыгыбыз,кубанычыбыз тууралуу эки суйлом эптеп курап отуп,кээ бир ашыкча «улутчулдардын» «Качан кыргыз кыздарын жарым жыланачтап, мушташтырып карап отурчу эле»сыяктуу архипикирлерине озунчо килейген абзац бергенинер ушуларды жазганга мажбур кылды. Жаманыбызды жашырбасанар да,жок дегенде жакшыбызды ашырганга салым кошсонор эмне..?Валентина менен эки кишини эске албаганда бутундой Кыргызстан кызы катары сыймыктанат!!!(Дуйнону айтпай эле коеюн)

Эми футзал боюнча Еврокубогунда Казакстан курамасы Польшаны,Сербияны женип,Россия менен тен ойногонун мамлекеттик денгээлде байма бай жар салып жатышат.Биздин футзал боюнча курамабыз (легионерлерсиз) Иорданияны утуп,Ливан менен тен ойногонун бир Федерациянын жеке булактары эптеп элге жеткируу аракетинде.Бул жалпы жетишкендик эмей эмне?Же бул Семетей Султановдун жеке командасыбы?

Ушак дегенде узунунардан жатасынар.) Болушуп,тебишип жатып калабыз.Лента урду-чапты,олду-койду,куйду-сойду менен кунуго кечиктирилбей толукталып турат.Муну менен биз буйруса зоокур,таш боор,ырайымсыз муунду озубузго камсыздап жатабызбы..?

Айтмакчы,Путин карызыбызды кечиптир,жабыла жазгыла!Шайлоо алдындагы саясий-айкол кадамын мактап,миндеген Россия атуулдугун алган Кыргызстандыктарды угуттоп,тыйынын алганды унутпагыла...

Муну эч ким чектеп,тескей албасы анык,бирок ошол жазармандардын арасында журогундо азыраак «мекеним»деген учкуну барлар калгандыр деп умуттоном...”,-деп жазды Урмат Усенов.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11457



Добавить комментарий