Денесинен 16 ийне табылган бала айыга баштады

7 февраля 2018 11:10 846 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстанда денесинен 16 ийне табылган 11 айлык Азизбекке опеарция жасалгандан соң 20 күндөн кийин айыга баштады. Операция жасалганда анын денесинен 13 ийнени алып чыгышкан. Бул тууралуу Kun.uz сайтына балдар хирургиясы борборунун профессору Хабибулла Акилов билдирген.

Анын айтымында, баланы жакында ооруканадан чыгарышат.

“Алгач келгенде баланын акыбалы аябай оор болчу. Азыр анын абалы жакшырды, Көзүн ачып, атын чакырганда карап жатат. Жакшы уктап, жасалма аппараттан чыгарылды”,-дейт дарыгер.

Эскерте кетсек, январь айынын соңуда Өзбекстандын Фергена областында дарыгерлер ооруп келген баланын денесинен 16 ийне табышкан жана тез арада оепарция жасашкан. Ийнелер баланын денесинде бир-бир жарым айдай жүргөнү аныкталган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11453



Добавить комментарий