Жактоочу өзүнүн кардарынын 260 миң сомун алган үчүн соттолду

7 февраля 2018 10:31 691 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарында адвокат алдамчылык үчүн соттолуп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ж.Т. аттуу адвокат Ош шаарынын жактоочулар коллегиясынын мүчөсү болуп саналат, ал С.М. аттуу аялдын ишенимине кирип юридикалык көмөк көрсөтөм деп убада кылып 260 миң сомун алган жана көмөк бербей койгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иш сотко өткөн.

 2017-жылы 3-ноябрда жеке жактоочу 1 жыл 6 айга шарттуу кесилген. Ал эми 2018-жылы 4-январда Ош областтык соту бул чечимди күчүндө калтырды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11450



Добавить комментарий