7-февраль: суук -16 градуска жетет

7 февраля 2018 07:20 808 Barometr
Поделиться в:
ok

7-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы: Ысык-Көлдө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5; Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -10…-15; Чүйдө түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8; Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8; Баткенде түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3; Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -10…-12°, күндүзгү жогорку температурасы -6…-8°.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11437



Добавить комментарий