Гороскоп: Чаян жылдызындагы мырза менен кантип мамиле курасыз?

6 февраля 2018 18:02 2186 Barometr
Поделиться в:
ok

Чаян жылдызындагы мырзаны тандоо менен сиз өзүңүздү дайыма аялзаты катары сезесиз. Алардын көпчүлүгү сүйүктүү айымына берилген, мыкты кожоюн жана балдарын эң сонун атасы боло алышат.  

Чаян жылдызынын астында төрөлгөн мырзалар сезимтал жана сентименталдуу келишет. Сылык-сыпаа сүйлөшүшөт жана ушул сапаты менен өзүнө тартып алат.

Алар романтик жана сюрприз кылганды жакшы көргөн жандар болуп саналат. Ал дайыма өзүн тартиптүү алып жүрүп, ар бир майда-чүйдөгө көңүл бурат. Ошондой эле акчаны жакшы көрүп чогултушат. Алардын начар мүнөздөрүнүн бири-иллюзия менен жашагандыгы. Талаш-тартышты жана агрессияны жаман көрүшөт.

Сиз анын көңүлүн бурдурууну кааласаңыз эч качан шашпаңыз. Бирок аял уялчаак болгондуктан тартынып сизге сезимдерин билдире албай жүрө бериши ыктымал. Ошондуктан аны жактыра турганыңызды алдыртан билдирип койгон да жөндүү. Мисалы, жөн гана дос катары ага мактоо айтыңыз. Андан кеңеш сураңыз, жакшы маектеш болуңуз. Көбүнчө алар философиялык темаларда пикир алышканды жактырышат. Өзүңүз назик, ачык-айрым, чынчыл жана туруктуу болуңуз. 

Ссылка: https://barometr.kg/content11436



Добавить комментарий