Жогорку Кеңештин үч депутаты Дональд Трамп менен чогуу тамактанууга учуп кетишти

6 февраля 2018 16:12 1034 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаттар- Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров жана КСДП фракциясынан Осмонбек Артыкбаев АКШнын президенти Дональд Трамп менен сый тамакка катышат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, депутаттар Вашингтонго учуп кетишти жана эртең мененки тамак берүү салтанаты 8-февралда өткөрүлөт.

Быйыл 66-ирет дуба кылуу сый тамагы уюштурулуп жатат, мындай иш-чара жыл сайын өткөрүлүп келет.

2017-жылы АКШнын сенаторлорунун чакыруусу менен Жогорку Кеңештин депутаттары Сайдулла Нышанов («Ата Мекен»)  жана Гулкан Молдобекова (КСДП) Америкага барып келишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/content11432



Добавить комментарий