Бир чоң шаарда жалгыз бир аял жашайт, өзү мэр (фото)

6 февраля 2018 15:47 1460 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнөдөгү эң эле аз киши жашаган шаарды билесизби. Алардын бири Американын Небраска  штатынын Монови шаары. Бул шаардын Элси Эйлер аттуу жалгыз бир тургуну  бар. Ал өзү мэрдин кызматын да аркалайт, ресторандын ээсинин милдетин да, китепканачынын милдетин да аткарат. (Эмнеге анте албасын деген суроо туулат?).   

 Монови АКШда жалгыз бир адам жашаган жалгыз шаар.

19 жашында Элси Эйлер Руди аттуу жигитке турмушка чыккан. Алар эки балалуу болушуп Моновиде ресторан иштетишчү. 1960-жылдардан тартып шаарда адамдын саны кескин азайып, 1974-жылы дүкөндөр, мектептер жабылган. Эйлердин эки баласы тең 1970-жылдардын ортосунда иш издеп башка жактарга кетишкен.

1980-жылы шаарда 18 киши калган. Жыйырма жыл өткөндөн кийин жубайлар - Руди  менен Элси эле жашаган. Руди 2004-жылы каза тапканда ал аялына ресторан гана эмес бүтүндөй бир шаарды мураска калтырды. Күйөөсү каза тапкан учурда Элси “калаадагы калктын 50 пайызы кыскарды”,-деп тамашалаган.

Жыл сайын Элси мэрди шайлоо тууралуу жарыя илет, жыл сайын өзүнө өзү добуш берет жана жыл сайын мэр болуп шайланат. Мына ушундай кызыктуу жашоо кечирет. Албетте салыкты да өзү чогултат!

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11430



Добавить комментарий