Бишкекте үч жаңы троллейбус каттамы ачылат

6 февраля 2018 15:03 1102 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекке жаңы троллейбустардын алгачкы партиясынын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Унааларды Европа өнүгүү жана реконструкция банкынан алынган насыяга сатып алышууда.

“Келишимдер түзүлдү, февраль-март айларында биринчи троллейбустар келе баштайт. Июнь жана июль айларында биз дагы 50 унаа алабыз”,-деп маалымдашты мэриядан.  

Буга чейин белгилүү болгондой жаңы техника менен Бишкекте үч жаңы троллейбус каттамы ачылат.

Ссылка: https://barometr.kg/content11428



Добавить комментарий