Февраль айында Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттайт

6 февраля 2018 13:47 913 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын мунай рыногунда мунай продуктуларына дүң баанын өсүшү жогорулоодо. Акыркы айда эле бензиндин дүң баасы дагы 3-5 пайызга, күйүүчү майдын баасы 7 пайызга жогорулады.

Буга байланыштуу Кыргызстандын ички базарында күйүүчү майлоочу материалдарга карата  баа февраль айында орточо эсеп менен алганда 4-6 пайызга кымбаттоосу күтүлүүдө.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлашкандай, февраль айынын башында күйүүчү майлоочу материалдардын калдыгы 66 миң тоннаны түзүдү, анын ичинде 37 миң тоннага жакын бензин, 29 миң тонна дизтоплива бар.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11423



Добавить комментарий