Путин кол койду. Кыргызстандын Россиянын алдында карызы калган жок
Россиянын президенти Владимир Путин “Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын 2012-жылы 20-сентябрдан тартып буга чейин берилген насыялары боюнча Россия Федерациясынын алдындагы карызын жөнгө салуу боюнча макулдашуу протоколу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Тиешелүү мыйзам Путин тарабынан кечээ, 5-февралда колдоо тапты.
Кыргызстандын 240 млн доллар карызы кечилгенден кийин Россиянын алдында карызы калган жок. Тиешелүү протоколго Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган болчу. Анда Россия буга чейин, тактап айтканда 2009-жылы 3-февралда берген мамлекеттик каржылык насыя катары сунуштаган 300 млн доллар карызды жөнгө салуу боюнча маселе каралган.
2012-жылдын 20-сентябрындагы өкмөттөр аралык келишимдин негизинде бул насыя карыз катары эсептелген.
Ссылка: https://barometr.kg/content11410
Добавить комментарий ×