Бажы тармагы боюнча баяндама жасалды

6 февраля 2018 07:44 634 Barometr
Поделиться в:
ok
Премьер-министр Сапар Исаков КР Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) төрагасы Кубанычбек Кулматов менен кызматтын 2017-жылдагы ишинин, ошондой эле 2018-жылдын январь айынын жыйынтыктарын талкуулады. Баяндаманын жүрүшүндө Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди: «Сиздин тапшырмаңыз боюнча биз акыркы бир жарым ай ичинде бажы төлөмдөрүн администрациялоо тутумун жакшыртуу үстүндө күчтөндүрүлгөн иш алып бардык, ал өзүнүн жыйынтыктарын берүүдө. Тактап айтканда, 2018-жылдын январь айында 2,8 млрд сомдон ашуун бажы төлөмдөрү жыйналган, бул пландаштырылган суммадан 907,3 млн сомго жогору». Баяндаманы уккан соң, Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматын реформалоо КР Өкмөтүнүн ишинин артыкчылыктуу багыты катары саналаарын белгиледи. «Бажы төлөмдөрүн администрациялоону жакшыртуу, коррупция деңгээлин төмөндөтүүгө байланыштуу реформалардын алгачкы жыйынтыктары бир жарым ай ичинде мамлекеттик бюджетке өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эседен көп түшүүлөрдү алып келди. Биз бажы органдары боюнча түшүүлөрдүн өсүү динамикасын көрүүдөбүз жана бул абдан кубандырат, айрым бажы органдары боюнча түшүүлөр бир нече эсеге жогорулады. Мен бажы тармагында резервдер жана чоң мүмкүнчүлүктөр бардыгына ишенем. Коррупцияга каршы күрөшүүдө чечкиндүү кадамдардын жасалышын талап кыламын» – деди Сапар Исаков. МБК маалыматы боюнча, Борбордук бажыга күн сайын түшкөн төлөмдөр бир ай мурун 30 млн сомду түзсө, азыр эки эсеге (болжолдуу 60 млн сом) жогорулаган. Ош бажыканасында бажы төлөмдөрү 10 эсеге жогорулаган. Мурда Ош бажыканасы күнүнө 1,5 – 2 млн сом чогултса, бүгүнкү күндө күнүнө15 млн сом чогултулууда. Андан соң Кубанычбек Кулматов Өкмөт башчыга 2017-жыл үчүн МБК тарабынан бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 34,2 млрд. сом көлөмүндө камсыз кылынгандыгын, болжол 98,4% аткарылгандыгын маалымдады. Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министр жана Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы кызматты реформалоо боюнча келечектеги чараларды талкуулады.

Ссылка: https://barometr.kg/content11395



Добавить комментарий