Тажикстанда гелиотроптук гепатит оорусу жайылууда

6 февраля 2018 07:17 787 Barometr
Поделиться в:
ok
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдук облусунда бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү гелиотроптук гепатит менен ооруканага жаткырылды. Бул оору жарандык согуш маалында Хатлон облусунун ондогон жашоочусунун өмүрүн алган. Гелиотроптук гепатит – гелиотроп отоо чөбү кошулуп кеткен ундун нанын жегенде пайда болуп, адамдын боорун начарлатат. Оорунун алгачкы учурларында боор чоңоюп, андан соң сарыкка мүнөздүү болгон башка белгилер пайда боло баштайт. Быйыл 31-январда бул оорудан Ишкашим районунда жашаган 13 жаштагы бала каза тапкан. Учурда Хорог шаардык ооруканасында ал үй-бүлөнүн дагы эки мүчөсү оор абалда жатат. Ал ортодо аталган райондогу Птуп айылында дагы эки үй-бүлө, жалпысынан 20 киши гелитроптук гепатит оорусу менен ооруканага жаткырылганы кабарланды. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Тоолуу Бадахшан автономдук облусуна жөнөтүлгөн адистер тобу ооруга буудай менен кошо тегирменге түшкөн гелиотроп чөбү себеп болгонун аныкташкан. Бул оору Тажикстандын түштүгүндө 1992-жылдары жайылган. Анда бул дартка 8 миңден ашык киши кабылып, кеминде 500дөйү каза тапкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content11394



Добавить комментарий