Бишкекте үч милиция квартираны тоноп, үй ээсин сабап кетишкен

5 февраля 2018 18:10 1208 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмышка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын эки кызматкери жана Жалал-Абад областынын ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери УКМКнын абагына камалды. Бул тууралуу «24.kg»  агенттигине укук коргоо органдарындагы жеке булактары кабарлашкан. 

Аталган маалыматка таянсак, алар “Мадина” базарында контейнери бар соодагердин квартирасын тоноого айыпталууда. Алар үй ээсин ур-токмокко дагы алышкан. Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жабырлануучунун жубайы арыз менен кайрылды.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11392



Добавить комментарий