Гороскоп: эгиздер жылдызындагы мырзанын өзгөчөлүктөрү

5 февраля 2018 17:46 2394 Barometr
Поделиться в:
ok

 Урматтуу айымдар, сиздин сүйүктүүңүз эгиздер жылдызынын алдында төрөлгөн болсо жана сиз анын көңүлүн табуунун аракетин кылып жаткан болсоңуз анда башында эле айтып коюу кажет - бул болбогон ишти таштаңыз.  Эгиздер жылдызындагы мырзалар керт башынын эркиндигин абдан жогору баалашат.

22-майдан 21-июнга чейинки мезгилде төрөлгөн мырзалар эки башка мүнөзгө ээ. Алардын мүнөзү бат-баттан өзгөрүп турат, бирок жагымдуулугу жагынан өзүнө арбап алат.

Ал бирөөлөр менен тил табышканды ушунчалык жакшы көрөт. Башкача айтканда алар социумдун адамдары жана кеченин көркүн ачкандар.

Жогоркуда айтылгандай анын көңүлүн табуу аракетин көрүүнүн пайдасы жок. Көңүлүн бурдурарын го бурдурасыз, бирок кармап туруш абдан кыйын. Мындай мырзалар  адамдар менен тез тил табышкандыктан баардык кыздар менен филирт кылган аларга кыйын эмес. Бул мырзаларды кызыктырыш үчүн сиз ачылбаган “сандыкта былчылбаган кундуз бар” дегендей эле өтө сырдуу жана улам-улам жаңы барактарын ачкан сайын кызыктуу болгон китептей болушуңуз зарыл.

Эгиздерге дүйнө таанымы абдан кеңири маектеш керек. Ошол эле убакта айымдын тышкы көрүнүшү жана социалдык статусу аларды таптакыр кызыктырбайт. Ошондуктан аны  кунт коюп уга билүүнү катуу өздөштүрүңуз.

Кыскартып айтканда ага эркиндик бериңиз. Аны менен кызыктуу маек курганды үйрөнүңүз.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11390



Добавить комментарий