Байлыктын сыры эмнеде? Жообу: бир эле аял менен жашаш керек

5 февраля 2018 15:20 3155 Barometr
Поделиться в:
ok

Байлык деген эмне жана ага кантип жетсе болот? Адамзатты кызыктырган суроолордун бири... Ар бир адамдын буга өз рецептери бар жана бул тууралуу ой жугүрткөндөрдүн баары эле туура кадамдарды жасай беришпейт жана баары эле банктан ири суммадагы акчага ээ болуп ийгиликтүү ишкерлердин катаны толуктай алышпайт. Анын сыры эмнеде? Чындык кайда? Ар ким өз алдынча аракет кылып жооп издесе дагы жалпы бир мыйзам ченемдүүлүк бар жана бул фактыларды эсепке албай коюуга болбойт.

Төмөндө аларга көз токтотуңуз:

1.  Көпчүлүк  бай адамдарын пикири боюнча жогорку окуу жайда милдеттүү түрдө окубаса деле болот. Баарына өзү жетишкен адамдар же миллионерлердин ар бир бешинчиси университеттерде окушкан эмес. Алардын арасында 6 пайызга гана илимдин доктору деген наам алышкан.     

2. Көпчүлүк миллионерлер үчүн бир аял менен өмүр бою жашаган маанилүү экен. Алардын пикиринде көңүлдөш күтуү тескери таасирин берип жана каржылык чыгымдарды жогорулатып, моралдык жана физикалык жактан алсыратат.    

3. Миллионерлерге изилдөө жүргүзүшкөндө алардын баары үй-бүлөлүк бюджетин тыкыр эсептешерин айтышкан жана чыгашаларын эсептегенге көп убакыт сарпташары белгилүү болду.

4. Америкалык байлар кымбат унаа сатып алышпайт жана алардын көбү 25 миң доллардан ашпаган унаа сатып алышат. Көбү ал тургай унаасыз жүрөт.

5. Байлардын басымдуу бөлугү байлыкка өз алдынча жетишкен. Алардын 20 пайызы гана мураска калган ишти улантып жатышкандар.

 6. Миллионерлер психологдорду жана психоаналитиктерди абдан пайдалуу деп эсептешет. Алар аталганк есиптеги адамдарга ири суммадагы акча берүүгө даяр болуп турушат.

7. Статистикага ылайык орточо миллионердин жаш курагы 57 жашта. Аялы жана үч баласы бар. Байлардын аялдарынын көбү абдан деле сулуу эмес, карапайым жөнөкөй аялдар. Айымдардын арасында миллионер болгондордун көбү мугалимдик кесипти аркалагандар.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11370



Добавить комментарий