Кыргызстанда 100 миң евро жана 138 миң доллар пара берген чет өлкөлүктөр кармалды

5 февраля 2018 15:03 867 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан100 миң евро жана 138 миң 600 доллар пара берген чет өлкөлүктөр кармалды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагына келип жасалма документтерди жасап тамеки каражаттарын ташып жүрүшкөн.

Башкы прокуратура бул боюнча “бажы төлөмдөрдүн төлөөдөн качуу”, “кызматтык абалына кыянаттык жасоого түрткү берүү”, “пара берүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кармалгандар УКМКнын абагына камалды. Тергөө жүрүп жатат. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11368



Добавить комментарий