Кургак абадан таза суу жасай турган аппарат чыгарылды

5 февраля 2018 14:25 808 Barometr
Поделиться в:
ok

Эми чөлдө суусуган адамдар тууралуу баяндар тарыхка айланышы мүмкүн. Калифорния университетинин окумуштуулары күндүн энергиясынын көмөгү менен абадан сууну бөлүп ала турган аппаратты ойлоп табышты.  

Абанын нымдуулугу абдан аз, болжол менен 20 пайыз болгон чөлдө да бул аппарат 12 саатта 3 литрге жакын сууну жасап чыгат. Ошол эле учурда суу таптаза жана адамга зыянсыз болот.

Бул аппарат таза суусу жок аймактарда жашаган адамдарга абдан пайдасы тиерин айтышууда.

Технология күн батарейкасынан, полимерден жана конденсатордун пластинасынан турат. Чогулган суу коллекторго тамчылайт.

Окумушутуулар бул жаңы ойлоп табууну уламдан-улам жакшыртууну максат кылышты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11366



Добавить комментарий