Американын компаниясы кызматкерлерин тескеш үчүн аларга микрочип тага баштады

5 февраля 2018 13:19 671 Barometr
Поделиться в:
ok

Висконсини штатындагы анча чоң эмес Three Square Market стартапы  Америкада алгач ирет жумушчуларына микрочип тага турган компания болуп калды.    

 CNBC телеканалына фирманын башкы директору Тодд Уэстби маалымдагандай, баасы 300 доллар турган имплантат колдун баш бармагы менен сөөмөйүнүн ортосуна, терисинин алдына ийненин көмөгү менен киргизилет.

 Күрүчтүн данындай болгон чипти жайгаштыруу ыктыярдуу түрдө болмокчу. Учурда буга 50 кызматкер макул болду. Уэстби жана анын үй-бүлөсү дагы чиптештирилди.

Микрочипти кызматкерлер жумушка кирип баратканда, компьютерди ачаарда, кафеден тамак сатып аларда карточканын ордуна колдоно алышат жана алардын кайда жүргөнүн аныктоого мүмкүн болот.

Ссылка: https://barometr.kg/content11362



Добавить комментарий