Ай тутулгандан кийин Сибирдеги дарыя кызыл түскө боелуп калды (видео)

5 февраля 2018 12:07 3474 Barometr
Поделиться в:
ok

31-январда Ай тутулгандан кийин Сибирдеги Молчанка дайрасынын түсү өзгөрүп кетти. Суунун өңү кызыл түскө боелген. Жергиликтүү тургундар  дайрага эмне таасир бергенин билбей жатышат.  

Айрым ЖМКлар “Инжил китепте кырсыктар жана кыйроолор болор алдында суунун түсү өзгөрүлө турганы жазылган” дешип коркутушууда.

Ал эми мындай имиш-имиштерге ишенгилери келген айрым жарандар суунун жээгинде курулган завод дайрага химиялык кошумчаларды төгүп жатат деп шектенип жатышат.

Росприроднадзор азырынча маалымат бере элек. Жергиликтүү Суу ресурстары боюнча башкармалыктын башчысы Александр Рейн жакынкы суткаларда суунун эмне болуп булганып жатканы аныкталат деп иштендирди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11357



Добавить комментарий