Кореядагы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын желегин Тариэль Жаркымбаев желбиретет

5 февраля 2018 11:51 797 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык спортчу Тариэль Жаркымбаев  2018-жылы Түштүк Коряда өткөрүлө турган кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатында өлкөнүн туусун алып басат.   

Ачылыш салтанат Пхенчхан шаарында 9-февралда болот.  

Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү эки спортчудан турат. Алар тоо лыжасы боюнча-Евгений Тимофеев жана лыжа жарышы боюнча-Тариэль Жаркымбаев. Алар Кореяга кечээ 4-февралда учуп кетишти.

Ссылка: https://barometr.kg/content11356



Добавить комментарий