Кыргызстандын футзал боюнча командасы Иорданияны жеңди
Поделиться в:
Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатында Иорданиянын командасын жеңди. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын сайты маалымдады.
Азия чемпионаты Кытайдын Тайбэй шаарында уланууда. КР менен Иорданиянын курама командалары D тобунун топтук баскычынын экинчи турунда беттешти. Кыргызстан 3:1 эсебинде жеңишке жетти.
Биринчи турда КР Ливандын командасы менен оюнга чыккан. Учурда төрт упай топтогон кыргызстандык команда турнирдик таблицада алдыда бара жатат. 6-февралда ал топтук баскычта жыйынтыктоочу беттешти Таиланддын командасы менен өткөрөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content11341
Добавить комментарий ×