Казакстандык жигит “кызмын” деп алдап сулуулар конкурсунун финалына чыкканда билинди (фото)

5 февраля 2018 07:19 4468 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын тургуну алма-аталык кыздар менен кошо сулуулар конкурсуна ат салышкан. 22 жаштагы Илай Дягилев сулуулар конкурсунда жеңишке жеткен кезде өзүнүн жигит экенин калыстарга айтып кылган жоругун мойнуна алды. Ал өзүнүн кыз кебетеленип кийинген сүрөтүн Miss Virtual Kazakhstan конкрусунун тандоо туруна жөнөтүп жиберген. 

Instagramга Арина Алиевамын деп ар кандай сүрөттөрүн жүктөгөн. Публика аны сулуу деп эсептегендиктен Аринага добуш бере башташкан жана ушундан соң ал  көп упай топтоп финалга чыгып кеткен. Бирок Илай Дягилев ушул жерден баарын токтотту жана өзүнүн чыныгы жүзүн ачты.

 “Мен финалга чейин чыктым, аябай эле алыс кетип калганымды түшүнгөндөн кийин Арина Алиева эмес экенимди мойнума алам. Башында бүт Казакстан боюнча төрт миң билдирме түшсө да жыйынтыгында мен финалга чыгып калдым”,-дейт ал.

“Досторум менен сулуулук боюнча талаша кеткем жана конкурска катышууну чечкем. Мен дайыма табигый сулуулкту баалап келем. Азыр баардык кыздар бири-бирине коендой окшош,  боюнуп, кийинип, акыркы тренддер менен жүрсө сулуумун деп эсептешет мен андай деп эсептебейм”,-деп түшүндүрдү бул таң калыштуу жоругун казакстандык жигит.

Ссылка: https://barometr.kg/content11339



Добавить комментарий