Аязда беш чакырым жолду жөө барып окуган балага өкмөт 450 миң доллар берди

3 февраля 2018 14:40 4251 Barometr
Поделиться в:
ok

 Мектепке экзамен бериш үчүн 5 чакырым жолду жөө басып келип, башына муз тоңуп калган кытайлык бала сый-урматка бөлөнүүдө. Буга чейин маалым болгондой ал сынак тапшырууга жөө келген кезде баш кийимсиз чачтары муз болуп калган. Анын сүрөтүн мугалими  телефонго тартып социалдык баракчага жүктөп койгон күндүн эртеси бала атактуу болуп ойгонду. Кытайлык баланын баяны дүйнөлүк социалдык желелерди, ЖМКларды, миңдеген адамдарды бир сыйра дүрбөткөн. Жаш каарман Ван Фуманды  “муз бала” деп атап алышты.

Бул кабар эми өкмөткө да жетиптир. Кытайдын ички иштер министрлиги 3-класстын окуучусун чакыртып, Пекинде сый көрсөттү. Окуучу биринчи жолу жылуу үйлөр бар экенин билгенин айтты. Себеби бала чоң энеси экөө жашаган Синьцзе айылында да, ал окуган мектепте да жылытуу системасы жок. Анын үй-бүлөсү аябай жарды турат.

Ван окуган мектеп үйдөн беш чакырым жайгашкан жана болочокто кедейликтен кутуламбы деген үмүт менен аяздуу суукка карабай ал күн сайын жөө барып окучу. Апасы балдарын чоң энесине таштап кетип калган, ал эми атасы мигрант болуп чет жерде жүрөт, балдарына жана карыган энесине жылына бир ирет келип турат.  

Пекинде “муз балага” жылуу кийимдерди сатып беришти, министрлер, журналисттер конокко чакырышты, самелотко учуруп саякат жасатышты.

 Кытайлыктар  жана өкмөт  балага баш-аягы 450 миң доллар тапшырышты. Топтолгон каражат анын жакыр үй-бүлөсүнүн абалын оңдоого жана мектепке жылытуу системасын курууга керектелет.  

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11331



Добавить комментарий