Ак үйдүн тосмосунан секиргенде кармап, дарыланууга жөнөтүштү

3 февраля 2018 12:53 978 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кыргызстандык жигит Ак үйдүн тосмосунан ашып түшмөк болгондо кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.  

 Аталган маалыматка таянсак, 1995-жылы Ош областында туулган жаран мас болуп алып депутаттардын бирине жолугуп үй сурайм деген ниетте тосмодон ашып түшүүгө аракет кылды.

 Аны адегенде Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына алып келишип, андан соң тез жардам менен  Бишкектеги психоневрологиялык ооруканага жөнөтүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/content11327



Добавить комментарий