Быйыл өз алдынча жүрө турган чиркегичтер чыгарылат

3 февраля 2018 12:41 718 Barometr
Поделиться в:
ok

General Motors компаниясы оор шарттарда иштей турган жаңы унаа платформасын жасап чыкты. Бул жаңылыкты  массалык өндүрүү үстүбүздөгү жылга белгиленүүдө. GM  билдиргендей, жаңы чиркегич платформа жүк унааларын толук алмаштыра алат. 

Ал Silent Utility Rover Universal Superstructure же болбосо жөн гана SURUS деп аталат жана суу ташкындары, урагандар, кар көчкү сыяктуу табият кырсыктары болгондо алмаштыргыз көмөкчү болору күтүлүүдө.

Америкалык компаниянын жаңы чиркегичин үстүнө атайын жабдуулар жүктөлгөн платформа катары да колдонсо болот.

Анын артыкчылыгы толук бойдон автономдуу болгондугунда жана керектүү учурда өзү жүрүп кете берет жана  сүйрөгүч унаасы жок эле аралыктан башкарылат. Литий-ион аккумулятору менен жабдылган. Платформа көп учурда жол салынбаган жерлерге жүрүүгө ылайыкташтырылган.

SURUSка ар кандай жүктү же жабдууну жайгаштырып койсо болот.

Ссылка: https://barometr.kg/content11326



Добавить комментарий