Кыргызстанда бүгүн эки ирет жер силкинди
Поделиться в:
Бүгүн Чүй областында саат 9.44тө силкинүү күчү 3,5 баллды түзгөн жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, силкинүү очогу Бишкек шаарынан 70 чакырым түштүк-чыгышта жайгашты. Пригородное айылында жер титирөөнүн күчү 3 баллды, Арпа-Тектир, Кегети, Кошой, Карагул жана Чоң-Жар айылындарында 2,5 баллды түздү.
Ал эми саат 10.06да Жалал-Абад областында күчү 3 баллга жеткен силкинүү катталды.
Алдын ала маалыматтарга таянсак, кыйроолор жана курмандыктар жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content11325
Добавить комментарий ×