Шамбесайдын жаңы инвестору алтынды цианид колдонбой казып алат

3 февраля 2018 11:54 2125 Barometr
Поделиться в:
ok

Шамбесай кенин иштеткен өндүрүшчү кендеги алтынды цианид колдонбой казып алууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу кечээ, 2-фервалда Кадамжай районунун Майдан айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушкан учурда компаниянын өкүлдөрү маалым кылышты. 

Буга чейин 2017-жылы январь айында кенге жаңы инвестор болуп кытайдын улуттук «Тианди Интернэшнл Майнинг Компани Лимитед» компаниясы келген. Лицензия алган компания Z-Explorer жергиликтүү калктын нааразылыгына байланыштуу кенди иштете алган эмес. Майдан айылынын тургундары кенди иштетүү экологияга зыян алып келет деп кооптонушкан.

Компаниянын өкүлү маалымдашкандай, жергиликтүү калктын тынчсызданууларын эске алышып 2017-жылдын экинчи жарымында компания Шамбесай кенинде алтын казууда цианидди колдонбош үчүн техникалык процесстерди оптимизациялоо боюнча иштерди жүргүзгөн.

Жаңы инвестор цианиди жок AXI (АСИ) реагентин колдонууну көздөп жатат, аталган реагент тиешелүү сынактан өткөн жана төмөнкү органдардын:

КРнын Өнөр жай, энергетика жана кенди иштетүү мамлекеттик комитетинин,

Мамлекеттик санитарлык эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаментинин,

КРнын Илимдер академиясынын биотехнологиялар инсититутунун жана Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин макул деген оң жыйынтыктарын алган.

Кенди иштетүү эмне берет?

Бир жыл бою созулган курулуш иштеринде 300 жумушчу орун түзүлөт. Иштеп чыгуу маалында 250 жумушчу орун пайда болот. Кендеги 70 пайыз кызматкерлер Кыргызстандын жарандары болмокчу. Эмгекке орноштурууда Майдан айыл округунун тургундарына артыкчылык берилет. Жергиликтүү калкты атайын окуудан өткөрүү милдети компаниянын эсебинен акысыз жүргүзүлөт.

Кендин кызматкерлери гана эмес, кендин муктаждыгы үчүн алына турган товарлар менен азык-түлүктөр жана тоо-металлургия комплекси сатып ала турган тейлөө көрсөтүүлөр үчүн жергиликтүү ишкерлер да каражат табат.

2008-жылдан азыркы учурга чейин социалдык программаларды сатып алыш үчүн компания 12 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн.

Компаниянын ушул кезге дейре жасаган жана аяктаган программаларынын катарында- суу насосторун орнотуу, айыл чарба жолдорун оңдоо, жергиликтүу мектеп менен оорукананын жылытуу системаларын коюп берүү жана ремонттоо, көчөттөрдү отургузуу, күнөсканаларды куруу, республиканын жогорку окуу жайларында окуп жаткан жергиликтүү жаштардын окуу төлөмдөрүнүн жарымын төлөө, жергиликтүү тургандардын квалификациясын жогорулатуу максатында кесипкөй тренингдерди уюштуруу, аймактагы спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүү кирген. Компания жакынкы аралыкта Майдан айылын таза суу менен камсыздоо жана спорт аянтын куруу боюнча программаны ишке ашырууну да пландап жатат.

Долбоор миллиарддарды инвестициялады

Кытайдын компаниясы Кыргызстандын аймагында геологиялык иштер үчүн 2,2 млрд сом салган, анын 340 млн сому мамлекеттик жана жергиликтүү бюджетке салык жана салык эмес түрүндөгү түшүүлөр болуп саналат (2017-жылдын декабрына карата эсеп).

Шамбесай долбооруна компания кошумча 2,7 млрд сомду инвестициялоону пландоодо.

Шамбесай кенинде алтын өндүрүү иштери башталгандан жана аны иштеткен мезгилден тартып КРнын республикалык бюджетине жергиликтүү бюджетти кошкондо 300 млн сомго жакын салыктын түшүүсү күтүлүп жатат. Мындан тышкары алтынды сатуудан түшкөн каражаттан Кадамжай районун өнүктүрүү фондуна  200 млн сомго жакын каражат, Майдан айыл округуна  50 миллион сомго жакын акча түшөт.   

Жергиликтүү калк кандай мамиле жасап жатат?  

Жолугушууда калк эки башка пикирде болду. Кимдир-бирөө компанияны иштетүүгө эгер ал экологиянын баардык нормаларын сактаган учурда гана мүмкүндүк берүү кажет деп сунуштады. Эл кытай компаниясынын талаптарын көңүл коюу менен укту. Катышкандардын арасында кен иштетүүгө таптакыр каршы болгон тараптар да болду, анткени алар экология талкаланат деп кооптонуп жатышат. Бирок компания эң эле зыянсыз технологиялар колдонуларын көрсөтүүгө даяр.

​"Шамбесай" долбоору кандай болот?

 

Буга чейин 2018-жылы компания Кадамжай районундагы мамлекеттик органдардын- Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин, Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын, Мамлекеттик санитарлык эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаментинин, Ветеринардык жана фитосанитардын коопсуздук башкармалыгынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Шаар курулуш жана архитектруа башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө жаңы реагентти тааныштырган. Анын максаты-Майдан айыл округунда тушүндүрүү иштерин жүргүзүү жана маалымат берүү болгон. Жолугушуу учурунда Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы компаниянын өкүлдөрүнөн Майдан округунун жашоочулары менен  цианиди жок технологияны түшүндүрүш үчүн аталган айылда жолугушууну өтүнгөн.

 Маалымат үчүн

Кен Баткен областынын Кадамжай районунун Майдан айылында жайгашкан. Кендеги алтындын запасы 7,8 тоннаны түзөт.

«Тианди Интернэшнл Майнинг Компани Лимитед» (Tiandi International Mining Co. Limited) -  Кытай  эл республикасынын Гуйчжоу Геоложикал жана “Минерал Ресоурсес Девелопмент Компани Лимитед” (Geological and Mineral Resources Development Company Ltd.) мамлекеттик ишканасынын филиалы болуп эсептелет. Аталган ишкана Кытайда жана анын чегинен тышкары өлкөлөрдө 20дан ашуун алтын, жез, ошондой эле жарым метал, ванадий, темир кендерин иштетет.  

Ссылка: https://barometr.kg/content11324



Добавить комментарий