Гороскоп: Букачар жылдызындагы мырза менен тил табышуунун жолдору

2 февраля 2018 17:40 4703 Barometr
Поделиться в:
ok

21-апрелден 20-майга чейинки мезгилде төрөлгөн эркектер гороскоп боюнча букачар болуп эсептелет. Алар үй-бүлөлүк комфортту, жайлуулукту, тынчтыкты көздөп, үй-бүлөсүн катуу коргошот. Букачар эркектер тынымсыз иштеген адамдар болот жана кежир келишет. Аларга туруктуу, өзүнө берилген айымдар жагат.Үйүнө келген кезде тынч эс алгысы келет.

Мындай мырзанын көңүлүн алам десеңиз анда сизге сабыр тилейли. Ал сиз тууралуу чечимди көпкө чейин ойлонуп анан чыгарат. Ал үчүн биринчи кезекте балдарына татыктуу эне жана үй-бүлөсүнүн куттуу очогунун ээси боло ала турган аял керек. Сиз мээримдүү аял болсоңуз анда андан бетер жакшы. Букачар мырзалар өзүнүн ишинде шашып чечим кабыл албайт жана сизди көпкө чейин сынашы ыктымал. Ошондой эле букачарлар өзү тандаган жубайы интеллектуал жана назик мүнөз болгонун да жактырышат.

Ал жасалмалуулукту жаман көрөт. Стилдүү кийиниңиз.Аны өзүңүз коноккко чакырсаңыз да болот. Алар баардык эркектердей эле таттуу жасалган тамакты баалашат жана бул жагынан гурман болушат. Айтор букачар мырзага жагыш үчүн “жакшы кыз”, үлгүлүү кожойке менен бир аз өзүнүкүн берген аялдын образын түзүнүз.

Ссылка: https://barometr.kg/content11311



Добавить комментарий