Акча табуунун эң жөнөкөй ыкмаларын өздөштүрүңүз! Cөзсүз иштейт

2 февраля 2018 17:22 3961 Barometr
Поделиться в:
ok

 Салам, кымбаттуу окурман. Бүгүн психологдор сунуш кылган акча табуунун турмушта кеңири кездешкен бирок сиз байкабай колдонуп жүргөн ыкмалары тууралуу  макаланы бөлүшөбүз. Акчаны көп тапкан адам менен аны аз тапкан адамдын ортосунда таң калыштуу мыйзам ченемдер иштейт. Эң негизги бул жөнөкөй мыйзамдарды карап отуруп акча табуунун ыкмаларын жатка билип каласыз.

Психология-ийгиликтин жарымы

Адамдын акча иштеп табуусуна, аны көбөйтүп ишкер болуусуна психологиялык даярдыктын мааниси абдан зор. Эгерде сиз психологиялык жактан акча иштеп табууга даяр болсоңуз анда сөзсүз аны иштеп табасыз. Бул жерден баарына жалындаган жүрөк, бирок токтоо акыл менен киришиңиз керек. Майда-чүйдөгө баш оорута бербей, ар бир күндү позитивдуү кылсаңыз акча сизге өзү эле келет.

Бизнес-идеянын кереги жок

Көбү бир ишти башташ үчүн бизнес-идея керек деп эсептешет. Бирок бул туура эмес, адегенде акча табууну үйрөнүңуз андан кийин бизнес куруңуз. Айланаңызга карасаңыз акча табуунун толтура мүмкүндүктөрү бар. Болгону  жөн эле жүрө бербей аны караштыра, сураштыра жүрүңүз жана бул мүмкүндүктөрдү көрө билиңиз! Караган сайын көрүнөт, изденген сайын табылат. Бул акчанын чоң мыйзамы.

Эч качан жок деп айтпаңыз!

Эгерде сизден сатууга же сатып алууга же бир иш бүтүрүүгө “тааныштарың барбы?” деп сурашса эч качан жок дебеңиз. Дайыма сурап көрөйүн деп жооп узатыңыз. Ортомчулуктан акча табуунун жолун өздөштүрүңүз. Бул албетте өтө кирешелүү эмес бирок сиздин алгачкы акчаңызды табууга жарайт.

 Пайдалуу дос-тааныштарды күтүңүз!

Дайыма кийин өзүнүзгө пайдасы тийип, иште шериктеш боло турган адамдар менен чогуу жүрүңүз, байланышыңыз. Алар сизге кызыктуу долбоорлорду, кардарларды жана башка көп нерселерди алып келиши ыктымал! Кээ бири менен жакшы дос болуп кетсеңиз, кээ бири  менен жөн гана жакшы тааныш бойдон каласыз. Экөө тең сизге пайдалуу. 

Өзүңүздү тарбиялаңыз!

Бош убактыңызды пайдалуу өткөрүңүз! Китеп окуп, пайдалуу видео гана көрбөстөн кайсы бир бизнестин канча акчасы бар жана канча акча түшөт деген суроону көп берип изилдей жүрүңүз. Мисалы жашылчанын баасы дүкөндө канча дүңүнөн алса канча болот оюнузда эсеп чыгарыңыз. Кыскасы эсеп менен достошуңуз.Үстүртөдөн болсо да ар бир иштин акчасынын эсебин чыгарганды үйрөнүү бул өтө кызыктуу ыкма жана болочокто бизнес түзүүңүзгө зор өбөлгө болот.

Дайыма башкалардан үйрөнүңүз!

Башкалардагн дайыма үйрөнүңүз! Кытайлыктар жаман көргөн адамын “өзүң билбе, билгенден сураба!” деп каргыш айтышат. Сизден тажырыйбалуу адамдан бир нерсе үйрөнүүдөн тартыңбаңыз.

 Китеп окуңуз!

Бизнес түзүү жана акча табуу тууралуу китептер биринчи кезекте сизди шыктандырат. Андан соң идея бере баштайт. Китептен көп жоопторду табасыз.

 Ката кетириңиз!

Ката кетирүүдөн, жаңылышуудан коркпоңуз, Ошондо гана чыныгы акчанын кенен булагына барасыз. Каталар сизди акылмандыкка үйрөтөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11310



Добавить комментарий