Бишкек ТЭЦинде эртең үчүнчү агрегат ишке кирет

2 февраля 2018 14:37 590 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек ТЭЦинде эртең үчүнчү агрегат ишке кирет, бүгүн дагы бир агрегат иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин отун энергетикалык комплекси жана кенди пайдалануу боюнча комитетинин башчысы, депутат Кожобек Рыспаев маалымдады.

 Депутаттын айтымында, учурда бул боюнча түзүлгөн комиссия иш алып барууда.

Анын берген маалыматына таянсак, учурда ТЭЦтин жаңы блогу 300 мегаватт электроэнергисын жана 300 гигакалорияны иштеп чыгып жатат. “Температура калыбына түштү”,-деп маалымат берди депутат журналисттерге.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11304



Добавить комментарий