Жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөндө өзү жумшарып кеткен унаа

2 февраля 2018 14:22 924 Barometr
Поделиться в:
ok

Япониянын автогиганты болгон Toyotaнын бир бөлүгү Toyoda Gosei компаниясы Токиодо Flesby II Concept деп аталган уникалдуу концепти сунуштады.   

Анын өзгөчөлүгү кузову желимден жасалган жана жүргүнчүнү мүмкүн болушунча коргоого багытталган. Аталган компаниянын өкүлдөрү маалымдашкандай, бул унаа 2030-жылы шаарларда жүрө турган унаанын бир түрү болмокчу. Анын кузовдору e-rubber деген атайын материалдан жасалат жана жагдайга карата өзүнүн формасын өзгөртүп, жумшарып, ийилип кете алат.

Ал эми унаанын жашыл түстүү бөлүгүнө жарык берүүчү элементтер жайгашкан жана жол кыймылынын башка катышуучуларына ар кандай маалыматтарды берип турат.

Ссылка: https://barometr.kg/content11303



Добавить комментарий