Айдоочу 10 жылга кесилди жана 2 млн 95 миң сом төлөмөй болду

2 февраля 2018 13:20 9217 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областынын Москва районунда бүгүн, 2-февралда судья Нурлан Аджыбеков вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, Нурбек Муканов, Нурлан Жамгырчиевдин өлумү менен аяктаган жол кырсыгы боюнча соттун өкүмүн чыгарды. 

Судья  КамАЗдын айдоочусу Афтандил Таалайбек уулу күнөөсүн толук мойнуна алганын белгилеп, аны 10 жылга абакка кести жана Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгына 2 млн 95 миң сом төлөөгө милдеттендирди.  

Буга чейин мамлекеттик айыптоо айдоочуну 11 жылга эркинен ажыратууну сурап жаткан.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 7-октябрда Москва районунун Садовое айылында болгон жол кырсыгынан өлкөнүн вице-премьре-министри  Темир Жумакадыров жана анын айдоочусу мене жардамчысы каза тапкан.

КамАЗдын  27 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11301



Добавить комментарий