Жалал-Абадда жалгыз бой мугалим аялды өлтүрүп кетишти

2 февраля 2018 12:04 806 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Ленин айыл округунда жергиликтүү мектептин мугалимин өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу  аймактык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

1966-жылы туулган мугалимдин сөөгү күч колдонуп өлтүрүү белгилери менен өз үйүндө 28-январда табылды. Аял жалгыз жашаган. Эки баласы чет өлкөлөргө иштеп кетишкен.

Төрт күндөн кийин бул ишке шектүү, 1965-жылы туулган Б.Р. кармалды. Ал аялдын үйүнө мас болуп алып келип чатактан соң аны сабап өлтүрүп салганы белгилүү болду.

Ссылка: https://barometr.kg/content11293



Добавить комментарий