Дубал тосуунун жаңы “ыкмалары” (фото)

2 февраля 2018 11:51 1446 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы зеландиялыктар таштандыдан арылуунун уникалдуу жолдорун ойлоп табышкан. Андан арылуунун жолу аны дубалга илип коюу. Ботинкалар, тиш шеткалары, велосипеддер, аялдардын ич кийимдери  массалык түрдө дубалдарды кооздоп турат. 

Алардын эң эле белгилүүсү Борбордук Отаго аймагында жайгашкан бюстгальтерлер менен кооздолгон дубал. Ал 1999-жылы пайда болгон. 2000-жылга карата бул дубал аталган өлкөдөгү эң таанымал дубалга айланды.

Дубал жөн гана тосмосун кызматын аткарбастан Аялдардын эмчек рагы фондуна каражат топтоочу жер да болуп калды. Бул жерге келген турситтер кызгылт кутуга акча таштап кетишет.

Тиш пасталарынын дубалы Те Паху жолунун боюнда жайгашкан.  Ал  ар түрдүү түстөгү тиш шеткалар мнен кооздолгон. Бул дубалдын дагы атагы алыска кеткендиктен чет өлкөлүктөр дагы колдонуудан калган шеткаларын жибере башташкан. Аталган жерде өкмөт башчы Хелен Кларктын дагы тиш шеткасы илинип турат.

  

Көпчүлүк жаңы зеландиялыктар короолорун тапичкелер менен кооздогонду жакшы көрүшөт. Алар джандалс деп аталат.

Ошондой эле Кингстон жолунун боюнда локомотивдердин дөңгөлөгүнөн курулган дубал бар.

Эске велосипеддер Нью-Плимут штатындагы дубалды кооздоп турат.   

Унаа дөңгөлүктөрү менен жасалгаланган бул дубал Окленд аймагында жайгашкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/content11292



Добавить комментарий