Желим баштыкка каршы дагы бир аракет көрүлдү

2 февраля 2018 08:15 915 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда желим пакеттерди колдонууга жана өндүрүүгө тыюу салууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу кечээ парламенттин жыйынында белгилүү болду.

Жыйында “Ата Мекен” фракциясынан депутат Наталья Никитенко желим баштыктарга тыюу салуу тууралуу сунушту айтышканын бирок бул маселе кайрадан токтоп калганын эскертти.

 “Долбоор иштелип чыккан. Биз шаардагы соода компанияларынын, желим башыктарды чыгарган компаниялардын өкүлдөрү менен жолуктук. Алар бизди туура кабыл алышты. Азыр долбоорду министрликтер менен ведомсволор карап жатат”,-деп жооп берди анын суроосуна Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов.

Эскерте кетсек, желим пакеттерди колдонууга жана өндүрүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам 2015-жылы демилгеленген.

Ссылка: https://barometr.kg/content11276



Добавить комментарий