Үй-бүлөлүк жашоонун жети баскычынан өткөнсүзбү? Өтпөсөңүз-даярданыңыз!

15 декабря 2021 10:06 2219 Barometr
Поделиться в:
ok

Психологдор ар бир жуп үй-бүлө куруп жашагандан кийин төмөнкү фазаларды башынан кечирет деп эсептешет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Биринчи баскыч. Таттуу шоколад баскычы же тактап айтканда “Сүйүүнүн химиясы”  мезгили. Бул болжол менен нары бери алганда 18 айга созулат. 

Башкача айтканда 1 жарым жыл. Аял менен эркек жолугушкан учурда алар бири бирин жактырып  калышат жана мындан улам денеде  буга тиешелүү гормондор бөлүнүп чыгат. Бул гармондор дүйнөнү түркүн түскө бөлөп кооз көргөзөт. Жактырган адамыңыздын үнү да, өзү да теңдешсиз болуп көрүнө берет. Адам башы айланып мас болгондой абалда болот. Бул арада кандайдыр бир кескин чечим кабыл алууга болбойт.  

Экинчи баскыч. Биринчи баскычтан кийин сөзсүз боло турган мезгил, кызгылтым көз айнек чечилип, жубайлар мамилелерин адекваттуу карай баштайт. Бул жубайлар бири бирине канааттанып калган учур.

 Үчүнчү баскыч. Бири-бирине жек көрүү пайда болгон учур. Бул узакка созулган мамиледе сөзсүз боло турган баскыч. Бул фазада чатактар башталып сиздин колуңузга бирөө лупа карматып, жубайыңыздын жетишсиз жактарын көрүп тур деп койгондой болуп каласыз. Мындан чыгуунун эң жеңил, ошол эле учурда эң начар жолу-ажырашуу. Анын эмнеси бар экен дээрсиз, башка кайра бир адам менен таттуу шоколад фазасын баштан кечирмек болосуз. Бирок жашоодо ушул үч баскычтын тегерегинде эле айлана берген адамдар да болот. Ошондуктан токтоп ойлонуңуз! 

Төртүнчү баскыч. Бул сабыр баскычы. Жубайлар бири бири менен уруш-талашын улантат, бирок уруш бүткөндөн кийин мамилелер кайра башталарын экөө тең билип калышат. Бул баскычта сабырды өздөштүргөн жуптар акылга келип иш кыла баштайт. 

Бешинчи баскыч. Милдет же болбсо урмат көрсөтүү баскычы бул сүйүүнүн алгачкы баскычы болуп саналат. Буга чейин сүйүү болгон деп келсеңиз жаңылышасыз. Сиз жубайыңыз мага милдеттүү дебей сиз дагы анын алдында милдеттүү экениңизди түшүнө баштайсыз. Милдеттерге көңүл буруу сизди өстүрөт. Алтынчы баскыч. Достук бул сүйүүгө олуттуу даярдык. 

Жетинчи баскыч. Бул баскыч-сүйүү.  Далай адам эңсеп жетпеген түбөлүк сүйүү. Ал өтө чоң даярдыкты талап кылат жана жөндөн-жөн эле ар кимдин башына келе бербейт. 

Өзүңүздү руханий жактан өстүрүп, көп жана тырышып иштейсиз. Кээде өзүңүздүн напсиңизди таптакыр тыюуга болот, кээде баш ийгенге көнөсүз. Бирок анын баары сизге бактылуу үй-бүлө аркылуу кайтып келет. 

Биз таттуу шоколад баскычын сүйүү деп эсептесек анда биз сүйүү деген эмне экенин билбейбиз.  “Сүйүү алты даам сыяктуу, анын таттуу да, туздуу да, кычкыл да, ачуу да, курч да даамы бар”,- деп айтышкан байыркы акылмандар.  

Эгерде сиз сүйүүңүз түгөндү деп алакан жайып же ажырашуу алдында турсаңыз ойлонуңуз-ал алигиче баштала элек!

Ссылка: https://barometr.kg/content11270



Добавить комментарий