Жаш жигит төшөгүнө кулаган жылыткычтан каза тапты
Поделиться в:
Кадамжай районунун Өрүкзар айылында 22 жаштагы жигит түтүнгө ууланып каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Жигит достору менен жолугуп түн ичинде келген жана сууктан улам электр жылыткычын күйгүзүп катуу уктап калган. Түн ичинде жылыткыч жигит жаткан төшөктун үстүнө кулап түтөй баштаган, бирок ал түтүндүн жытын сезген эмес. Эртең менен үйгө кирген атасы бөлмө түтүнгө толуп калганын көргөн. Ата-энеси дарыгер чакыртышкан, алар жигиттин каза тапканын айтышкан.
Жигиттин сөөгү 27-январда жерге берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content11269
Добавить комментарий ×