Кыргызстанда түкүрүнгөндөргө 5500 сом айып пул салынат

1 февраля 2018 14:35 3845 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдан тартып Кыргызстанда түкүрүнгөн адамдар үчүн айып пул салуу беренеси ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн парламентте депутат Дастан Бекешев билдирди. 

 Мындай жаза КРнын мыйзам бузуулар тууралуу Кодексинде каралып Жогорку Кеңеш тарабынан 2017жылдын 2-мартында кабыл алынган. Эми ал 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Аталган Кодекстеги 71-беренеге ылайык “турмуш-тирчилик таштандысын ыргыткан жана өрттөгөн адамдар менен түкүргөн адамдарга үчүнчү категориядагы айып пул салынат”.

Жеке тараптар үчүн айып пулдун көлөмү 5,5 миң сом, юридикалык жактар үчүн 17 миң сомду түзөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11263



Добавить комментарий