Гороскоп: Кой жылдызындагы мырзанын көңүлүн кантип табасыз?

1 февраля 2018 14:11 2409 Barometr
Поделиться в:
ok

Эгерде сиздин жактырган адамыңыз 21-марттан 20-апрелге чейинки аралыкта төрөлгөн болсо аны Батыш астрологдору гороскоп боюнча кой белгисиндеги мырза деп эсептешет. Аларга тиешелүү бир нече мүнөздөмөнү да белгилешет. Бул маалыматтар аталган белгидеги мырза менен кандай мамиле түзүүгө көмөктөшөт.

Кой жылдызындагы мырзалар абдан чечкиндүү мүнөзгө ээ, алар тез ачууланышат кыйынчылыктарга моюн сунушпайт, баардык иште лидер болугулары келет жана атаандаштыры менен майда-чүйдө иштер үчүн да кем калбай ат салышат.

Тез жарылма мүнөз менен кайнаган энергия аларды кээде кооптуу иштерге түртөт. Алар талбаган оптимисттер жана акыйкаттык орнош үчүн жан үрөп аракет кылгандар. Алар сабырсыз жана шашма болгондуктан анын менен сүйлөшүүдө да, мамиле түзүүдө да реалдуу иш-аракеттерди жасап, так жүргөн зарыл.

Алар өмүр бою чоң баладай оптимист бойдон калышат. Сиздин көңүлүңүздү табыш үчүн кой мырзага эрдиктерди жасоосу керек. Алсыз коргоого муктаж көрүнгөн болсоңуз ал дайыма жардамга даяр. Ал айымдарга өзү демилге менен чыгып сиздин көңүлүңүздү алмайынча тынчтанбай турганын эстен чыгарбаңыз. Кээде сизди шок кылган ойго келбеген иштерди жасоого жөндөмдүү.

 Сиздин ой-максаттарыңыз, перспективаларыңыз, долбоорлоруңуз анын көз караштары менен бирге болгондо  гана ортодо жакын мамиле болорун түшүнүңүз. Бирок ушуну баары үчүн ал сизге ыраазылык кылганды да билет. Ал сизге романтикалык кеч уюштуруп, Айга “саякат жасоого” да чакырып, өзү жазган ырларды окуп берип көңүлүнүздү алганга даяр. Бирок андан берилгендикти да күтүүго болбойт. Көпчүлүк кой мырзалар  сүйүктүүсүнөн башкаларга да көз артып койгонду ашыкча эмес дешет. Кептин кыскасы кой мырзага жагып калсаңыз ал өзү эле сиз үчүн аракет кылат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11262



Добавить комментарий