Тоого чыгып кеткен аңчыны жабыла издеп жатышат
Поделиться в:
Ош областынын тоолорунда аңчы жоголду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка таянсак, 28-январда ал Октябрь айылынан Сары-Күңгөй тоолоруна чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Ведомствонун алты кызматкери төрт суткадан бери аңчыны издеп жатышат. Куткаруу операцияларына милициялар менен жоголгон адамдын туугандары дагы тартылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content11260
Добавить комментарий ×