Бишкек ЖЭБи кадимки калыбына келиш үчүн бери дегенде 1,5-2 апта керек

1 февраля 2018 11:58 679 Barometr
Поделиться в:
ok

Бул тууралуу Жогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептери жана анын кесепеттерин жоюу боюнча кечээ өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда белгилүү болду.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөт мүчөлөрүнөн Бишкек ЖЭБ канча убакыттан кийин кадимки режимде иштей баштай турганын сурады.

«Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев эки күндөн кийин кадимки режимге түшөрүн билдирди.

Анын сөзүнө анчалык ишенбей калганын айткан премьер-министр Сапар Исаков депутатка Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюп, кадимки режимге түшүүсү үчүн бери дегенде 1,5-2 апта керектигин билдирди. «Мен бир аз запасы менен убакыт сурап жатам. Баарын текшерип чыгууга убакыт керек. Иликтөө жыйынтыгы чыгары менен Өкмөттүн жыйынын өткөрүп, тиешелүү чараларды кабыл алабыз», - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, жыйынга биринчи премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышууда.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11251



Добавить комментарий