Ашыкча салмак адамдан адамга жугарын аныкташты
Ашыкча салмактуу адам менен чогуу жүргөн учурда сизде да ашыкча салмак пайда болушу ыктымал. Мындай пикирге Түштүк Колифорния университетинин окумуштуулары келишти.
Алар M-TEENS долбоорунун алкагында изилдөо жүргүзүшүп, ага 1 111 бала жана алардын ата-энелери катышкан. Жалпысынан ашыкча май басуу 25 пайыз өспүрүмдөрдө жана 72 пайыз чоңдордо байкалган. Изилдөө жүргүзгөн кезде балдардын ата-энелери тууралуу кызыктуу фактылар ачылып чыга келген. Ашыкча салмактуу адамдар иштеген мекемелерде эмгектенген ата-энелер батыраак салмак топтошкон. Окумуштуулар толук адамдары көп социалдык топтордун мучөлөрүнүн баары бир кылка толорун белгилешти. Себеби өз ара чогуу жүргөн адамдар бирдей тамак-аш жөндөмүн калыптандырышат экен. Муну карап отуруп окумуштуулар ашыкча салмак менен күрөшүү үчүн жеке бир адамга туура тамактануу эрежелерин үйрөтпөй, бүтүндөй бир топту ушул эрежелерге даярдоо керек деп жыйынтык чыгарышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content11250
Добавить комментарий ×