Болочоктун үйлөрү кандай болот?

1 февраля 2018 11:15 1658 Barometr
Поделиться в:
ok

Дизайнерлер азыртан тартып эле дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндө болочоктогу турак-жайлар кандай салынары талкууланууда. Адам кыялында чек жок эмеспи. Келечек муун жашай турган үйлөргө келгиле чогуу көз жүгүртүп көрөлү. 

Түштүк Корея

Түштүк Кореялык дизайнерлер жумурткага окшош үйлөрдү сунушташууда. Алардын пикиринде мындай турак жайлар табияттын баардык сыноосуна туруштук бере алат. “Жандуу капсула” деп аталган бул турак-үйдүн ичине бүт керектүү нерселер камсыздалат.

Польша

Польшанын архитекторлору болочоктун үйүн “көчүп жүрүүчү” үй деп аташып, аны ири алды коопсуз кылууну көздөп жатышат. Бул турак жайды коркунуч жаралган учурда башка жакка көчүрүп кетүүгө болот.

   

Болгария

Болгариялык архитекторлор асман гана коопсуз болот деп эсептешет. Ошондуктан архитекторлор узун темирлерге орнотулган асманга курулган үйлөр болочоктун үйү болот дешүүдө.

Германия

Германиялык футуристтер Roll it деп аталган жылып жүрүүчү үйдү сунуш кылышты. Бул сыртынан караганда челекке окшогон тоголонуп жүрө турган үйдүн формасы.

  

 Австралия

Австралиялыктар баардык тарабынан кондиционер иштеп турган үйлөрдү сунушташууда. Алар абанын өзүн эле муздатып керек болсо кайра жалытып турмакчы.  

Ссылка: https://barometr.kg/content11246



Добавить комментарий