Дин ишмерлеринин сакалынын узундугун ченөө сунушталууда

31 января 2018 18:18 1002 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстанда “Диний ишмердүүлүк жана диний уюмдар” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, сакалдын узундугуна жана формасына жараша деструктивдүү идеалогиялык агымдарды жактагандар аныкталат.

Дин иштери жана жарандык коом министри Нурлан Ермекбаев деструктивдүү диний агымдардын атрибуттары менен тышкы белгилерин жарыя түрдө көрсөтүүгө тыюу салуу пландалып жатканын айтты. “Деструктивдүү идеалогиялык агым” дегендин так аныктамасы жок, бирок мыйзам авторлору анын белгиси катары сакалдын узундугу менен формасын иреттөөнү сунушташууда.

“Кеп кез-келген сакал же дин кызматкерлери туурасында болуп жаткан жок. Кеп деструктивдүү диний агымды жактайт деп таанылган кишилерге гана тиешелүү болуп жатат”, - деди Нурлан Еркембаев.

Министрдин айтымында, коомдук жайларда кишинин жүзүн таанууга кедергисин тийгизген кийимдерди кийүүгө тыюу салынат. Бул пунктту административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекске киргизүү пландалууда. Никаб кийген аялдарга протоколдорду полиция кызматкерлери толтурат. Мыйзам бузгандарга 50 айлык эсептик көрсөткүчтөн жогору (370 доллардан жогору) айыппул салуу каралып жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11230



Добавить комментарий