Чүйдө чатыр жапкан уста жетимиштеги аялды бычактап кетти

31 января 2018 16:40 1132 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областынын Ысык-Ата районунда 27 жаштагы жигит 70 жаштагы пенсионр аялды сабап, бычактаган. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

 Аталган маалыматка таянсак, 30-январдан 31-январга караган түнү 27 жаштагы жигит пенсионер аялды катуу сабап андан соң бычактаган.

 Жигит аялдын үйүнүн чатырын оңдоп жаткан. Аялдан бир аз акча алган жигит кетип калып бир аздан кийин кайра келип мас абалында келип ызы-чуу чыгарган, пенсионерди токмоктоп, бир нече ирет бычак менен сайган.

 Ушундай жол менен анын 18 миң сом акчасын тартып алган. Учурда жабырлануучу ооруканада. Ал эми аны сабап тоногон жигит камакка алынды.

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11225



Добавить комментарий