Кылмышкердин он долларлык сүрөттү беш миллион долларга сатылды

31 января 2018 13:03 1282 Barometr
Поделиться в:
ok

 Американын Түндүк Каролина штатынын тургуну Фрэнк Абрамс 2011-жылы эски буюмдарды саткан базардан 10 долларга эскирген ферротипти сатып алган. Ал Жапайы Батыштын убагындагыдай кийинген беш эркектин сүрөтүн үйүнүн дубалын илип коюп, кийин аны таптакыр эсинен чыгарып салган.

Төрт жылдан кийин коллекционер Рэнди Гихаро эски буюмдарды саткан базардан 2 долларга сатып алган фото сүрөттү 5 миллион долларга сатканы тууралуу жаңылыкты телевизордон көрүп калган.

 Бул фото сүрөттө Жапайы Батыштын символдорунун бири болгон кылмышкер Билли Кид тартылган экен. Абрамс да анын сүрөтүндөгү киши да ушул сүрөткө окшош экени байкап эксперттерге кайрылган. Чындап эле сүрөттө Билли Кидден башка аны өлтүргөн шериф Пэт Гаррет да тартылган экен.

Учурда бул  картина легендарлуу бандиттин жана аны өлтүргөн адамдын жалгыз сүрөтү болуп калды жана анын баасы беш миллион доллардан ашык каражатка бааланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content11213



Добавить комментарий